Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:20

Иран Британ элчиканасына кол салуу үчүн кечирим сурады


Ирандын тышкы иштер министри мурунку аптада Британиянын Тегерандагы элчиканасына жаалданган демонстранттар кирип барып, чаң-тополоң салганы үчүн Лондондон кечирим сурады. Али Акбар Салехи “экинчи мындай окуянын кайталанышына жол бербөө үчүн колдон келгендин баары жасалат”, - деп убада кылды 4-ноябрда Берлинде германиялык кесиптеши Гидо Вестервелле менен кездешүүдө. Бул жөнүндө Германиянын тышкы иштер министрлиги маалымдады. Ирандагы даражалауу диниятчы, Аятолла Ахмад Хатами Британ элчилигине өкмөтчү топтордун кол салуусун мыйзамсыз деп атады. Ушул окуядан кийин Британия Тегерандагы элчиканасын жаап, Ирандын Лондондогу дипломаттарын өлкөдөн кетирген. Хатами Ирандын руханий көсөмү Аятолла Али Хаманейиге жакын адамдардын бири саналат. Анын айтышынча, “Элчиликке чабуул жасоо жана ээлеп алуу өлкөгө басып кирүү сыяктуу эле мыйзамсыз”. Бул жөнүндө өкмөттүк ИСНА агенттиги кабарлады.

XS
SM
MD
LG