Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн былтыркы 7-апрель окуясы боюнча соттук жараян уланып, жабырлануучулар менен күбөлөр көрсөтмө беришет. Соңку соттук териштирүүдө айыпталуучулардын адвокаттары Аскер сотуна арыз менен кайрылгандыктан иш белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу. Ал арызда апрель сотун караган судьяга ишеним көрсөтпөө жана соттолуучу Данияр Дунгановду соттук экспертизадан өткөрүү талап кылынган:
- Бул эки өтүнүчтү Аскер соту 1-ноябрда карап четке каккан. Анан соттолуучулардын адвокаттары Жогорку Сотко көзөмөл арыз менен кайрылышкан. Жогорку Сот да 30-ноябрда бул өтүнүчтү четке какты. Натыйжада апрел соту ошол эле соттук курамда, судья Дамир Оңолбековдун төрагалыгы астында улана турган болду, - деди Бакытбек Рысалиев.
Былтыркы 7-апрелдеги ок атуулар боюнча соттук иште жыйырмадан ашык адам айыпталууда. Алгачкы сот былтыр ноябрь айында болгон. (KKs)