Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:16

Үч жыл мурда кулаган учак маселеси кайра козголууда


Мындан үч жыл мурда Сокулуктун Жаңы-Жер айылына жакын жерге кулаган учак маселесин бүгүн Жогорку Кеңештин үч комитети талкууга алат. Депутат Равшан Жээнбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, кырсыкта мерт болгондордун жакындарынын өтүнүчтөрүнүн негизинде жакында атайын иликтөө жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында учактын кырсыкка кабылышы боюнча дээрлик эч ким жазаланбай калганы, жакындарын жоготкондорго жардам көрсөтүлбөгөнү аныкталган. Бүгүн бул маселелер комитет мүчөлөрүнүн, тиешелүү органдардын кароосуна коюлмакчы.

2008-жылы 24-августта кыргызстандык “Итек Эйр” жана Ирандын “Асеман эйр” аба компаниялары уюштурган Бишкек-Тегеран каттамындагы “Боинг-737” учагы “Манас” аэропортунан абага көтөрүлүп, көп өтпөй кайра жерге кулап түшкөн. Натыйжада 65 киши ажал тапкан, ал эми учактын экипажы аман калган. Авиакырсык үчүн учкучтар Юрий Гончаров менен Тимофей Водолагин айыптуу деп табылып, 5 жылдан жатак абакка кесилишкен. Бирок кырсыкта каза болгондордун жакындары бул учкучтар эркиндикте жүрүшкөнүн белгилеп келишет. (KKs)

XS
SM
MD
LG