Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:00

БУУнун кыйноолор боюнча баяндамачысы Кыргызстанга келди


Бириккен Улуттар Уюмунун кыйноолор боюнча атайын баяндамачысы Хуан Мендес Кыргызстанга иш сапар менен келди. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” БУУнун адам укуктары боюнча баш комиссариатынын өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Мендес Бишкекте расмий бийлик өкүлдөрү менен, жарандык коомдун жана парламенттин өкүлдөрү менен жолугушат. Ош шаарына да бараары күтүлүүдө. Экс-президент Роза Отунбаева жабык жайлардагы кыйноолор сыяктуу көрүнүштүн жоюлушун күч органдарынан талап кылып келген. Укук коргоочулардын айтымында, кыйноолор боюнча факттар өзгөчө Ош жана Жалал-Абад облустарындагы убактылуу кармоочу жайларда, тергөө абактарында көп катталууда. (RK)

XS
SM
MD
LG