Ошто былтыркы коогалаңда жабыр тарткандарга салынган көп кабаттуу үйлөрдүн айрымдарынын дубалдарынан жарака кетип, тамчы өтө баштады.
Оштун Манас-Ата кичирайонундагы 5 кабаттан турган 75 батирлүү үйдүн жашоочусу Венера Чилова жаңы үйдүн пайдубалы да чөгө баштаганын “Азаттыкка” айтты. Ал эми Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы жашоочулардын мындай дооматтарын жөндүү деп эсептебейт. Дирекциянын өкүлү Курбаналы Азимов “анча-мынча кемчиликтерди чоң маселеге айлантуу” туура эмес деп эсептейт.
Ош жана Жалал-Абадда жалпысы болуп 35 көп кабаттуу үйдүн курулушу пландалган. Ушул кезге чейин алардын он бири бүткөрүлүп, өткөн жылкы этностор аралык кагылыштан жабыр тарткандарга берилген болсо, калган он беш көп кабаттуу үй ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берилгени турат. (ErN/RK)