Казакстандын Тараз шаарындагы террордук чабуулда колдонулган гранатомет Кыргызстандан барган эмес. Кыргызстанда жүргүзүлгөн атайын иликтөөнүн жыйынтыгы ушундай болгонун бүгүн "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин депутаты Токон Мамытов билдирди. Анын айтымында, иликтөөнү республиканын Ички иштер министрлигинин, Чек ара кызматынын, Коргоо министрлигинин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин адистери жүргүзүшкөн.
12-ноябрда Казакстандын Жамбыл облусундагы Тараз шаарында болгон террордук чабуулда 7 адам набыт болгон. Жамбылдын ички иштер башкармалыгы бул чабуулда колдонулган гранатомет Кыргызстандан келиши мүмкүн деген жоромолун айткан. Бул жагдайды тактоо үчүн кыргыз депутаттары тиешелүү органдарга өтүнүч жөнөтүшкөн. (KKs/RK)