Кыргызстандын Мусулмандар диний башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Убайдулла Сарыбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу "Азаттыкка" муфтий Чубак ажы Жалилов билдирди. Анын айтымында, Сарыбаев "ээлеген кызматында этикалык одоно каталарды кетирген, кызматтык абалынан пайдаланган жана реформалык иштерге бут тоскон". Анын ордуна Ислам университетин жетектеп келген Абдышүкүр Нарматов дайындалды. (AzK/RK)