Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

Нышан балдарды дарылоого Германияда 15 миң евро чогулду


Германиянын Ганновер шаарында Кыргызстандагы нышан балдарды дарылоо үчүн кайрымдуулук концерт өткөрүлдү. «AWD - Балдарга жардам» фонду уюштурган бул концертте 15 миң евро чогулганын бүгүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Концертке MUSICA ALTA RIPA камералык ансамбли катышты. Чогулган акча Бишкектин Эне-баланы коргоо улуттук борборундагы атайын бөлүмгө жаңы жабдуу сатып алууга жумшалат. Бул Ортодонтикалык бөлүм германиялык профессор Йорг-Эрих Хаузамендин демилгеси менен уюшулган. Профессор 2003-жылдан бери Кыргызстан менен кызматташып, жыл сайын өзүнүн эмгек өргүүсүн кыргызстандык бөбөктөргө оор операцияларды жасаганга арнап келет. (RK)

XS
SM
MD
LG