Германиянын Бонн шаарында Ооганстандын келечегине арналган эл аралык конференция ачылды. Германиянын тышкы иштер министри Гвидо Вестервелле 2014-жылы НАТОнун аскерлери кеткенден кийин да Ооганстанды жалгыз калтырбайбыз деп, дүйнө коомчулугун жок дегенде 2024-жылга чейин өлкөгө финансылык жана практикалык жардам берип турууга үндөдү.
Ооган президенти Хамид Карзай ал жардам соңку 10 жыл ичинде жетишилген оң өзгөрүүлөрдү улантууга жумшалат деп билдирди:
- Стабилдүү, өз күчүнө таянган, демократиялык Ооганстанды куруу максатыбызга жетелекбиз. Алдыда чече турган маанилүү маселелер турат. Айрым проблемалар прогресске тоскоол болуп, ийгиликтерди жокко чыгарышы ыктымал.
АКШ жана башка бир катар өлкөлөр Ооганстанга колдоо көргөзүүнү уланта беришээрин айтып, бирок Кабул саясйи реформаларды жана элдешүү жараянын күч алдырууга тийиш деп келатышат.
Конференцияга 85 мамлекеттин жана 16 уюмдун өкүлдөрү катышууда. Бирок кошуна Пакистан НАТОнун соккусунан 24 чек арачысы мерт кеткенден кийин жыйынга катышуудан баш тартты.
Ушундай эле конференция Бонндо 10 жыл илгери АКШ баштаган эл аралык күчтөр Талибан режимин кулаткандан кийин өткөн.