Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Өзбек Сенаты президенттик мөөнөттү кыскартууну колдоду


Өзбекстан парламентинин жогорку палатасы президенттик мөөнөттү 7 жылдан 5 жылга чейин кыскартуу жөнүндөгү сунушту колдоду. 2002-жылдын башында өткөн элдик референдумдун натыйжасында президенттик мөөнөт 7 жыл болуп өзгөртүлгөн. Андан кийин 2007-жылы Ислам Каримов мамлекет башчылыкка шайланган. Айрымдар бул демилге менен Каримов бийликтеги мөөнөтүн узартууну көздөөдө деп шектенишет. 73 жаштагы Каримов президенттикке 3 жолу шайланып, 2 ирет референдум аркылуу бийлигин узарткан. Конституция бир эле адамдын мамлекет башчылык кызматын 2 мөөнөт гана аркалоосуна жол берет. Борбор Азиядагы президенттердин көбү конституциялык өзгөртүүлөрдү мөөнөттөрүн узартуу үчүн пайдаланып келатышат. Мыйзам долбоорун буга чейин Өзбек парламентинин төмөнкү палатасы колдогон, эми ага Каримов кол коюшу керек.

XS
SM
MD
LG