Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:40

ИИМ: «Кыргыз рухунун» ээсинин жасалма күбөлүгү болгон


Өткөн жумада ири өлчөмдөгү маңзат алып жүргөн деген шек менен кармалган «Кыргыз руху» гезитинин ээси Арстанбек Дүйшөмбиевдин иш бөлмөсүнөн ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн жасалма күбөлүгү табылган. Бул тууралуу ИИМдин тергөө иштери башкы башкармалыгынын жетекчиси Кубатбек Ноорузбаев билдирди. Анын айтымында, күбөлүктө апрель окуясында жоголгон кызматтык номурлар жазылганы аныкталды. Соңку жагдайлар боюнча Дүйшөмбиевдин пикири белгисиз. Гезит жамааты болсо, кожоюнга тагылган айыптар боюнча эч кандай маалыматтары жок экенин билдиришкен. (BkA/KKs)

XS
SM
MD
LG