Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков “беделиме шек келтирди” деген жүйөө менен парламенттин бир нече депутаттарын сотко бергени жатат. Спикердин басма сөз катчысы Асел Алиеванын “Азаттыкка” кабарлашынча, Ахматбек Келдибеков жаран катары жана Жогорку Кеңештин төрагасы катары эки арыз менен сотко кайрылат. Учурда тиешелүү документтер топтолуп жаткандыктан, спикер кайсы депутаттар менен соттошоору азырынча белгисиз.
30-ноябрда Жогорку Кеңештеги депутат Өмүрбек Текебаев жетектеген "Ата Мекен" фракциясы Келдибековдун жүрүм-турумун кескин сындап, ага ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган болчу. Аны улай апта аягында Келдибековдун кичи мекени болгон Алай районунда айрым тургундар төраганы каралап жатат деп, нааразы болуп чыгышкан. (KKs)