Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:21

ЕККУ Орусиядага шайлоого баасын берди


Эл аралык байкоочулар Орусиядагы парламенттик шайлоонун уюштуруучулары башкаруучу “Бирдиктүү Орусия” партиясы үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө аракет кылып, добуш берүү мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдиришти. Бюллетендердин 96 проценти саналгандан кийин “Бирдиктүү Орусия” 50 процентке жакын добуш менен 238 мандатка ээ болгону, бирок беш жыл мурдакы менен салыштырганда 77 орунду жоготкону айкын болду.

Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму жана Еврокеңештин Парламенттик ассамблеясынын байкоочуларынын билдирүүсүндө “добуштарды бурмалоолор жана шайлоо жобосу арбын бузулганы” белгиленет. Ак Үйдүн өкүлү Жей Карней 4-декабрдагы шайлоонун кандай уюштурулушуна терең тынчсыздануусун билдирди.

XS
SM
MD
LG