Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:23

Өзбек чек арачылары кармап кеткен кыргыз жараны кайта элек


4-декабрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Сакалды айыл өкмөтүнүн бир тургунун Өзбекстандын чек арачылары кармап кетишкен.Экинчи бир тургун кошуна чек арачылардан качып кутулган. Кыргыз тараптын кармалган жаранды кайтарып алуу аракетинен азырынча майнап чыга элек.

Кабарчыбыздын маалымдашынча, чек арадан адамдар менен малды кармап кетүү чуусу кыргыз чек арасынын ачыктыгынан жана чек арачы жоокерлердин саны аздыгынан болууда.

Быйыл май айылында да Сакалды айылынын бир тургуну чек арада атып өлтүрүлгөн. Сакалды чек ара бекетинин башчысы Бозулан Мамышовдун айтымында, учурда кармалган жаранды кайтарып алуу аракеттери көрүлүүдө.

Өзбек чек арачылары 4-декабрда кармалып кеткен Мансурбек Бекешовду 5-декабрда түштөн кийин Ноокен району менен чектешкен Өзбекстандын “Маданият" чек ара бекети аркылуу кайтарып берүүгө убада беришкен экен. Бирок бул күнү аны кайтарышкан жок. (RK/YA)

XS
SM
MD
LG