Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:42

Кыргызстанда көрүстөндөр талашка түшүүдө


Ар башка диний ишенимдеги кыргызстандык жарандар каза болгондо жерге берүүнү мыйзамдаштыруу зарылчылыгы чыгууда. Бул тууралуу өкмөттүн алдындагы Дин иштери боюнча комиссиясы билдирип жатат. Буга акыркы жылдары ар башка динди тутунган бир улуттагы жарандарды акыркы сапарга узатуу жаңжалдар менен коштолуп жатканы себеп болуптур. Көрүстөнгө койдурбай койгон учурлар айрыкча Нарын, Ысык-Көл аймактарында көп экени айтылууда.

Адистердин айтымында, бул жааттагы маселе ар кайсы аймакта ар түрдүү жолдор менен чечилип келатат. Айрым айылдарда имамдар түшүндүрүү иштерин жүргүзсө, кээ бир жерлерде жергиликтүү бийликтин аралашуусу менен башка жерден жай берүү менен жолго коюлуп жатат. Мыйзамда да бул маселени чечүү жергиликтүү бийликтердин карамагындагы иш экени айтылган.

Бирок өкмөттүн алдындагы Дин иштери боюнча комиссия маселе татаал болгондуктан, кошумча мыйзамдык-нормативдик эрежелерди киргизүү жагы каралып жатканын белгилөөдө. (RK/ZB)

XS
SM
MD
LG