Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Атамбаев Талиева менен коалицияны талкуулады

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев парламенттеги фракция башчылары менен коалицияны түзүү маселесин талкуулап жатат. 5-декабрда президент Жогорку Кеңештеги "Ар-Намыс" фракциясынын лидери Камила Талиева менен жолугушуп, сүйлөшкөнүн бүгүн парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Былтыркы парламенттик шайлоодон кийин түзүлгөн коалициянын курамына "Ата Журт", "Республика" жана Социал-демократтар фракциялары кирген. Өткөн аптада социал-демократтар коалициядан чыкканын жарыя кылышты. Жаңы коалицияны түзүү мандатын президент парламенттеги беш фракциянын бирине бериши керек. (RK)
XS
SM
MD
LG