АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен бүгүн Жалал-Абаддагы Барпы театрын калыбына келтирүү жана шаарга көчө чырактарын жаңыдан орнотуу долбоорунун аяктоо аземине катышат. Кайра оңдолгон театрда улуттар аралык ынтымакка чакырган “Коңшулар” спектакли көрсөтүлөт. Аны Жалал-Абад жана Оштогу кыргыз-өзбек артисттери биргелешип аткарышат. АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин өткөөл мезгилдеги демилгелер программасы ( USAUD\OTI) театрды оңдоодон сырткары аталган спектаклдин облустун 36 айыл калкына көрсөтүлүшүн каржылады. Узундугу 28 чакырым болгон шаардын Курманбек, Достук, Спутник жана Чынгыз Айтматов атындагы кичи
райондорунун көчө бойлорунда 524 көчө чырагы оңдолду. (YA/RK)
райондорунун көчө бойлорунда 524 көчө чырагы оңдолду. (YA/RK)