Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:14

Аба ырайы: 7-декабрда кээ бир райондордо бир аз кар жаайт


7-декабрда Кыргызстандын кээ бир райондорунда бир аз кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тайгалак болот. Сыдырым жел жүрөт. Ысык-Көл акваториясында шамал батыштан, ылдамдыгы 15-20 м/с.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз -4...+1,
Талас облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз -1...-6,
Баткенде түнкүсүн -8...-13, күндүз -4...+1 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4...-9, күндүз -3...+2,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9 градус, күндүз -2...+3,
Нарында түнкүсүн -10...-15, күндүз -3...-8.
Тоолордо түнкүсүн -15...-20, ал эми күндүз -8...-13 болот.

Бишкекте ала булут каптап турат, дээрлик кар жаабайт. Мезгил-мезгили менен туман түшүшү мүмкүн. Сыдырым жел жүрөт. Абанын температурасы түнкүсүн -6...-8, күндүз 0...-2 градус болот.

XS
SM
MD
LG