Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

Исмаилова: Кыргызстанда кыйноо фактылары абдан көп


Кыргызстанда кыйноо фактылары абдан көп. Бул тууралуу “Азаттыкка” маегинде “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова билдирди. Анын айтымында, адамга жырткычтык мамиле бүгүнкү күнгө чейин болуп жатат. Бириккен Улуттар Уюмунун кыйноолор боюнча атайын баяндамачысы Хуан Мендес менен жолугушууда кыйноонун азабынан өмүрү менен коштошкон адамдар боюнча үч факт айтылды. Кыйноолордун 90 пайызы милиция кызматкерлери тарабынан жасалат жана башка дагы жабык институттарда бар.

“Мисалы, карылар үйү, психикалык сыркоолор жашаган жайларда жана өспүрүм балдар кармалган мекемелерде кыйноо, кулчулук жана ушунчалык мыкаачылык менен жасалган фактылар бар”, - деди Исмаилова.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, быйыл прокуратура органдары тарабынан кыйноо фактылары боюнча 43 кылмыш иши козголгон. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG