Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:37

Атайын кызмат коррупция менен күрөшөт


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде (УКМК) коррупцияга каршы күрөшүү боюнча атайын башкармалык түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн УКМКнын төрагасы Шамил Атаханов Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюуму менен биргеликте Бишкекте өткөрүлгөн коррупция боюнча "тегерек үстөл" жыйынында айтты.

Атахановдун айтымында, жаңы башкармалыкты түзүү боюнча сунуштар иштелип жатат. Бир аптанын ичинде президенттин кароосуна жиберилет. Атайын кызматтын төрагасы учурда Кыргызстандын паспорт системасында, аба байланыш тармагында, көмүр бизнесинде, электр энергетикасында коррупциянын деңгээли жогору деп эсептейт. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG