Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:17

ЕБнын 15 өлкөсүнүн кредиттик рейтинги төмөндөшү мүмкүн


Германия, Франция ага катар евроаймактын башка он үч өлкөсүнүн кредиттик рейтинги төмөндөтүлүшү мүмкүндүгүн эл аралык Standard and Poor's рейтинг агенттиги эскертти. Агенттиктин айтымында, кредиттик рейтингди төмөндөтүүгө каржы секторунда чыңалган абал күчөп жатканына байланыштуу барышы мүмкүн.

Аналитиктердин пикиринде, Standard and Poor's рейтинг агенттигинин бул жарыясы евроаймактын лидерлерине апта соңундагы саммитте карыз кризисин жөнгө салуунун жолдорун табуусу үчүн кысымды күчөтчүдөй.

Standard and Poor's буга чейин евроаймактын он жети өлкөсү үчүн Грециянын кредиттик рейтингин эң төмөнкү баскычка түшүрсө, Кипрдики кайра каралып жатат. Кредиттик рейтингдин төмөндөшү кредиттердин үстөк пайызы көтөрүлөт дегенди билдирет.

XS
SM
MD
LG