Жанкечти жардырууну жүздөгөн адам шийиттердин Ашура диний майрамына жыйналган кезде жасаган. Полициянын билдиргенине караганда, андан кеминде 48 адам өлүп, 100дөн ашууну жаракат алды.
Бүгүнкү кан төгүү Германиядагы ири эл аралык конференцияда Ооганстанга 2014-жылы чет элдик аскерлер чыгып кеткенден кийин да узак мөөнөткө колдоо көрсөтүү убада кылынгандан бир күндөн кийин орун алды.
Германиянын Бонн шаарында жүргөн президент Хамид Карзай бүгүнкү жардырууну айыптады. Бул аралыктагы түндүктөгү Мазар-и-Шариф шаарында шийит мечитинин сыртында болгон бомба жарылуусунан төрт адамдын өмүрү кыйылды.
Ооганстан буга чейин сунниттер менен азчылыкты түзгөн шийиттер ортосунда диний жүйөдөн улам жасалган ири кол салуулардан сактанып келген.