Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:52

Кыргыз жараны айып пул төлөгөн соң бошотулду


Өзбек чек арачылары кармап кеткен кыргыз жараны айып пул төлөгөн соң бошотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мансурбек Бекешовдун туугандары кабарлашты. Мансурбек Бекешовду бүгүн өзбек чек арачылары Маданият чек ара бекетинде анын бир туугандарына, Сакалды чек ара бекетинин башчысы менен Сакалды айылындагы милиция башчынын колуна өткөрүп беришкен.

Мансурбек Бекешовдун бир тууган агасы Абдалым Бекешовдун “Азаттыкка” айтканына караганда, өзбек тарап инисин чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн айыптап, кыргыз акчасына айлантканда 7,5 миң сом өлчөмүндө айып пул салган. Мансурбек Бекешов туугандары ушул айып пулду төлөгөн соң бошотулган.

Ноокен районунун Сакалды айылынын бул тургуну өзбек чек арачылары тарабынан мындан эки күн мурда кармалган. Мансурбек Бекешовдун туугандарынын ырастоосунда, ал чек аранын кыргыз тарабынан эле кармалып кеткен. Ноокен районунунда кыргыз-өзбек чек арасын да өзбек тарап казган аң бөлүп турат. (YA/UE)

XS
SM
MD
LG