Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Румыния-АКШ: ракетадан коргонуу боюнча келишим жактырылды


Румыниянын Сенаты бүгүн бир добуштан ратификациялаган келишим өлкөнүн аймагында АКШнын ракета токтотуучу жабдууларын жайгаштырууну карайт.

Сентябрь айында кол коюлган келишим Сенат тарабынан НАТОнун Брюсселдеги жыйынынан бир күн мурда ратификацияланды. Документ румын парламентинин төмөнкү палатасы тарабынан өткөн айда жактырылган. Ал эми румын президенти кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Келишимге ылайык, АКШнын баллистикалык ракеталардан коргонуу боюнча Жердеги системасы НАТОнун ракетадан коргонуу үчүн континенталдык калканч түзүү аракетинин алкагында Румынияда иштей алат. Ракета токтотуучу жабдуулар Румыниянын түштүгүндө 2015-жылы жайгаштырылат.

Ракетадан коргонуу - НАТОнун алдыдагы жылдарга өнүгүү багытынын негизгилеринин бири. Ага Түркия, Польша, Испания да тартылат.

XS
SM
MD
LG