Орусия борборунда бүгүнкү нааразылык шаарда полицияга кошо ички аскерлер да жайгаштырылганына карабай чыкты.
Маалыматтарга караганда, Москвада кечке жуук кармалган ондогон демонстранттар арасында оппозиция лидери Борис Немцов да бар.
Шаардын борбордук Триумфалдык аянтына бүгүн өкмөтчүл жаштар уюмдарынын бир миңден ашуун активисти да жыйналды.
Премьер-министр Владимир Путин шайлоо жыйынтыгын комментарийлеп жатып, бүгүн ага канааттанганын билдирди.
Шайлоодо премьер-министр Путиндин “Бирдиктүү Орусия” партиясы биринчи орунга чыккан, бирок 2007-жылы 64% добуш алса, быйыл бул көрсөткүч 50 пайыздан бир аз төмөн болду.
Кечээ кечинде Москвада шайлоо жыйынтыгына каршы демонстрацияга миңдеген адам жыйналып, алардын 300дөйү камакка алынган. Санкт-Петербург шаарында ушундай эле нааразылык акциясы учурунда 150дөй киши кармалган.
Москвада бүгүн оппозиция активисттеринин бири Илья Яшин полиция буйругуна баш ийбеди деген айып менен 15 күнгө кесилди.