Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:50

Өзбекстанда полицияга сурак берген аял өз жанын өзү кыйган


Отуз эки жаштагы Гулсумой Абдужалилова, кабарларга караганда, Анжиян шаарында полицияга төрт күн катары менен сурак берген соң өз жанын өзү кыйган. Германияда окуган бул жаш аял жогорудагы кадамга 4- декабрда барган.

Адам укуктары альянсы деген бейөкмөт уюмдун башчысы Елена Урлаеванын “Азаттыктын” өзбек кызматына айтканына караганда, Абдужалилова Анжияндын полициясына өткөн аптада чакыртылып, төрт күн сурак берген.

Урлаеванын айтымында, Абдужалилова полиция бекетинде сабалган жана аны оппозициядагы Өзбекстан Элдик кыймылынын сүргүндөгү лидери Мухаммед Салихке каршы билдирүү жазууга мажбурлашкан.

Урлаева кошумчалагандай, Абдужалилова өз жанын өзү кыяр алдында калтырып кеткен катта “алар мени оппозиция активисттерин өлтүртүүгө аракеттеништи, бирок бирөөнүн өмүрүн кыйганча өзүм өлгөнүм артык” деп жазган.

Абдужалилова полицияга өткөн аптада чакыртылганын жана кийинчерээк ал өз жанын өзү кыйганын укканын “Азаттыктын” өзбек кызматына анын ысымын атагысы келбеген курбусу да билдирди.

Абдужалилова полицияга эмне үчүн чакыртылганы жана төрт күн кармалганы белгисиз. Андижандын ички иштер боюнча мекемесинен комментарий алуу мүмкүн болгон жок.

Оппозициядагы Өзбекстан Элдик кыймылы өз интернет сайтында Абдужалилованын жакындарына көңүл айтып, ал эч убакта оппозициячыл кыймылдын мүчөсү болбогонун белгиледи.

XS
SM
MD
LG