Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Кыргызстан көмүр менен 86% камсыз болду


Ушул тапта Кыргызстан таш көмүр менен 86% камсыз болду. Бул тууралуу Энергетика министрлигин басма сөз кызматы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, 2011-2012-жылдын күз, кыш айларында керектеле турган 908 миң тонна көмүрдүн 782 миңдейи даярдалды.

“Көмүр” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Асанбек Молдокеев калган муктаждык жергиликтүү Кара-Кече, Миң-Куш жана Дүңгүрөмөнүн көмүрлөрү аркылуу жоюлаарын, быйыл Казакстандан көмүр алуу кыйынчылык менен коштолгонун айтууда:

“Быйыл Казакстандан көмүр алып келүү абдан кыйын боло баштады. Себеби анын баасы да көтөрүлүп кетти. Анын негизги себептеринин бири Европага сатыла баштады. Экинчи жагы, Казакстандын көмүрүн бул жакка алып келүүдө темир жол маселеси кыйынчылык жаратууда”,-деди Молдокеев. (KKs)

XS
SM
MD
LG