Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:25

“Ата Мекен” Келдибековдун маселесин жалпы отурумда көтөрөт


“Ата Мекен” фракциясы Жогорку Кеңештин отурумунун күн тартибине спикер Ахматбек Келдибековго ишеним көрсөтпөө маселесин киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу депутат Жоомарт Сапарбаевдин “Азаттыка” кабарлады:

“Биздин фракция расмий түрдө спикердин атына кат жолдоду. Биздин 30-ноябрда көтөрүлгөн Келдибековго ишеним көрсөтпөө маселесин күн тартибине коюу боюнча. Болгону сунуш болот. Сунуш колдоого алынса, үч күндөн кийин, бирок беш күндөн көп эмес убакыттын ичинде бул маселе чечилиши керек”,-деди Жоомарт Сапарбаев.

30-ноябрда Жогорку Кеңештеги депутат Өмүрбек Текебаев жетектеген "Ата Мекен" фракциясы Ахматбек Келдибековдун жүрүм-турумун кескин сындап, ага ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган болчу. Келдибеков сындарды четке кагып, спикерлик кызматка көз арткандар бар экенин белгилеген. (KKs)

XS
SM
MD
LG