Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Орусиялыктар Мамдумага шайлоонун жыйынтыгына нааразы


Кечээ кечинде Москвада жекшемби күнкү парламенттик шайлоо учурундагы мыйзамсыздыктарга каршы нааразылык акциясы болду. Шамдан кийин Жеңиш аянтына чогулган жүздөгөн адамдар көп сандагы полиция жана Ички иштер министрлигинин аскерлери турганына карабастан премьер-министр Путинге каршы ураандарды кыйкырышты. 250 чакты адам, анын ичинде оппозиция лидери, мурдакы вице-премьер Борис Немцовду полиция кармап кеткени ырасмий маалымдалды.

Аянтка удаа эле өкмөттүн колдоочулары да чогулуп, алар “Путин, Орусия” деген ураандарды чакырышты. Санк-Петербургда да ушундай митингге чыккан оппозициянын 50дөй жактоочусун полиция кармап кетти.

Эл аралык коомчулук Орусиядагы парламенттик шайлоо орой мыйзам бузуулар менен өткөнүн, маалымат каражаттары партияларды калыс чагылдырбаганын, өкмөт менен бийликчил партия камыр-жумур аралашып кеткенин, көз карандысыз байкоочуларга кысымга алынганын белгилешти.

XS
SM
MD
LG