Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:30

Келдибеков депутаттарды тынчтанууга чакырып жатат


Жогорку Кеңештин депутаттары ушу тапта күн тартибиндеги маселелерди талкуулоого кирише албай жатат. Маселе депутат Текебаевдин Келдибековду кызматынан алуу боюнча сунушунан улам чыкты.

"Ата Мекендин" лидери Текебаев ушул ишембиде парламенттин кезексиз жыйынын чакырып, Келдибеков боюнча маселени талкуулайлы деген. Андан кийин депутат Алтынбек Султанов бул сунушту келерки дүйшөмбүгө калтыралы десе, депутат Камчыбек Ташиев Келдибековдун дарегине айтылган дооматтарды териштирүү үчүн атайын комиссия түзүү сунушун айтты.

Төрага Келдибеков Текебаевдин да, Султанов жана Ташиевдин да сунуштарын бириктирип добушка койду. Жыйынтыгында сексенден ашуун депутат макулдугун билдиришти.

"Республика", "Ата Журт" фракцияларынын депутаттары бул чечимге макул болуп, ишти уланта берүүнү талап кылышууда. Бирок "Ата Мекен", КСДП фракциялары добуш берүү туура эмес коюлганын, ар бир сунушту өз өзүнчө добушка коюш керектигин айтып, төраганы регламентти бузду деп күнөөлөп жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG