Бүгүн таңы саат жетиде Оштун Алай районундагы Ош - Сары-Таш - Эркештам унаа жолунун 218-чакырымында (Тоң-Мурун ашуусу) бороон-чапкын болгонуна байланыштуу унаа жол убактылуу жабылган. Жол тазалоо иштери жүргүзүлүп, ал жерде "Мерседес" маркасындагы бир унаа бороондо калганы аныкталган. Жол тазалоочулардын жардамы менен ал унаа кайра жолго чыкканын "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Учурда аталган унаа жол кайрадан ачылды, алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок. (RK)