Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:25

Атамбаев Орусиянын жетекчилигин куттуктады


Президент Алмазбек Атамбаев Орусия президенти Дмитрий Медведевди парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү жана Мамдумага болгон шайлоодо «Единая Россия» партиясынын жеңишке ээ болушу менен куттуктады.

Ошондой эле Атамбаев Орусиянын премьер-министри Владимир Путинге Мамлекеттик Думага шайлоодо «Единая Россия» партиясынын жеңишке ээ болушуна байланыштуу куттуктоо кат жөнөттү.

Катта: "Сиз жарыя кылган багыт өлкөнү социалдык-экономикалык жана эл аралык мамилелердин жаңы деңгээлине алып чыгып, бул болсо Орусиянын өнүгүүсүнүн жаңы этабынын башталышы болуп калат деп ишенем. Акыркы мезгилде кыргыз-россия кызматташтыгындагы жетишилген оң натыйжалар мындан ары да стратегиялык өнөктөштүк духунда алдыга илгерилейт деп үмүттөнөм", - деп жазылган.

Владимир Путин жетектеген «Единая Россия» партиясы 4-декабрдагы шайлоодо 50 процентке жакын добуш менен парламенттеги 238 мандатка ээ болгону, бирок беш жыл мурдагы менен салыштырганда 77 орунду жоготкону айкын болду. (RK)

XS
SM
MD
LG