Эртең Бишкекте кыргызстандык 180 майып балага атайын коляскалар тапшырылат. Бул тууралуу Калкты социалдык жактан коргоо министрлигинен бүгүн "Азаттыкка" кабарлашты. Мындай жардам АКШ жана Орусия өкмөттөрү тарабынан көрсөтүлүүдө. Иш-чарага экс-президент Роза Отунбаеванын да катышуусу күтүлүүдө. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда ар түрдүү майыптыктагы балдардын саны 20 миңден ашат. (RK)