Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:46

"Ата Журттун" Келдибековго каршы сүйлөгөн депутаттарына чара көрүлөт


Парламенттеги "Ата Журт" фракциясы Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековду бир добуштан колдоого алат. Мындай чечим кабыл алынганы бүгүн расмий айтылды. Чечимде: "Фракциянын депутаттары Жогорку Кеңештин жыйынында жогорудагы чечимге каршы пикирин билдирсе, аларга карата чара колдонулсун" деп айтылат.

30-ноябрда "Ата Мекен" фракциясы Келдибековго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Анын жүрүм-турумун сындап, "төрага деген бийик наамды бир катар этикалык нормалар боюнча дискредитациялады" деген.

Келдибеков "Ата Мекендин" айткандарын четке кагып, аларды сотко берем деди. Бул аракеттерди төрагалык кызматка көз арткандардын жасаганы деп атады.

"Ата Мекен" Келдибековду ээлеген кызматынан кетирүү маселесин 10-декабрда кезексиз жыйын чакыртып талкуулоо сунушун айткан. Бирок 12-декабрга калды. Ага чейин ар бир фракциядан бирден депутат кирген атайын комиссия Келдибековго карата айтылган дооматтардын канчалык негиздүү экенин териштирмей болду. (RK)

XS
SM
MD
LG