Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Атамбаев: Өкмөт карама-каршы күчтөрдүн биримдигинен куралышы керек


Өкмөт бирине бири карама-каршы келген күчтөрдүн келишиминин негизинде түзүлүшү керек. Мындай оюн президент Алмазбек Атамбаев орусиялык "Однако" журналына маегинде айтты. Жаңы өкмөттү түзүү маселеси боюнча пикирин билдирип, Атамбаев президент бул процессте "кандайдыр бир деңгээлде арбитр" катары катыша алаарын, маселени сүйлөшүүлөр чечээрин жана авторитаризмдин мезгили артта калганын айтты.

Президент ири эл аралык инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү баштоо, коңшу мамлекеттер менен мамилени жакшыртуу жана күч түзүмдөрүн реформалоону баштаарын айтты. "Коррупцияны тыйып, кылмыштуулукту ооздуктабасак бизге инвесторлор келбейт. инвестиция Кыргызстанга азыр абадай керек болуп жатат", - деди Алмазбек Атамбаев.

30-октябрдагы президенттик шайлоодо буга чейин кыргыз өкмөтүн башкарып келген Алмазбек Атамбаев утуп, 1-декабрда мамлекет башчылык кызматка киришкен. Президенттик мөөнөткө алты жыл берилет.(RK)

XS
SM
MD
LG