Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Аба ырайы: 8-декабрда дээрлик жаан-чачын болбойт


8-декабрда Кыргызстанда дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тайгак болот. Сыдырым жел жүрөт, Ысык-Көл акваториясында шамал батыштан, ылдамдыгы 15-20 м/с.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз -4...+1,
Талас облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз -0...-5,
Баткенде түнкүсүн -8...-13, күндүз -2...+3 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4...-9, күндүз -2...+3,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -7...-12 градус, күндүз 0...5,
Нарында түнкүсүн -13...-18, күндүз -2...-7.
Тоолордо түнкүсүн -17...-22, ал эми күндүз -6...-11 болот.

Бишкекте ала булут каптап турат, кар жаабайт. Туман түшүшү мүмкүн. Сыдырым жел жүрөт. Абанын температурасы түнкүсүн -6...-8, күндүз -1...-3 градус болот.

XS
SM
MD
LG