Кыргыздын белгилүү жаш төкмө акыны Аалы Туткучев Казакстанда өткөн айтышка катышып, үчүнчү орунду ээледи. Казакстандын Маданият министрлигинен кабарлашкандай, бул маданий иш-чара өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына арналып өткөрүлдү. Баш байгени кытайлык акын Жамига Даулет алды. Ага 3 миллион тенге сыйлык тапшырылды. Биринчи, экинчи орундарды казакстандык төкмөлөр алышты. Аалы Туткучев үчүнчү орунду казакстандык эки акын менен бөлүшүп, 500 миң тенгенин ээси болуп кайтты. (RK)