Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Орусияда оппозиция бүгүн да демонстрацияга чыгат


Кечээ кечки демонстрация оппозиция менен Кремлди коргогон күчтөрдүн каяша митингине айланды, 6-декабрь, 2011
Кечээ кечки демонстрация оппозиция менен Кремлди коргогон күчтөрдүн каяша митингине айланды, 6-декабрь, 2011
Кечээ Москвадагы митингде полиция 560 адамды, Санкт-Петербург шаарында 250 адамды кармаган эле. Ага карабай, оппозициялык топтор 4-декабрда өткөн парламенттик шайлоодогу добуштарды коргош үчүн бүгүн да көчөгө чыгууну пландап жатышат.

Алар элди интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу пикетке чакырышкан. Өзүн “Уурулар менен алдамчыларга каршы партия” деп атагандар күндө кечинде саат жетиде чогулуп, бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясына нааразылык билдиребиз дешкен.

Орусияда 4-декабрда өткөн шайлоонун жыйынтыгында “Бирдиктүү Орусия” мурдагыдай көп добуш топтой албаганы менен, парламенттеги орундардын дээрлик жарымын ээледи. Оппозиция бул ирет да “бийликтин партиясы утушу үчүн добуштардын саноо бурмаланды” деп ишенет.

XS
SM
MD
LG