Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:19

СДПК фракциясы Келдибековдун өз ыктыяры менен кетүүсүн талап кылышууда


Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясы парламенттин төрагасы Ахматбек Келдибеков "Жогорку Кеңеште түзүлгөн кырдаалды курчутпастан кызматынан өз ыктыяры менен кетүүсүн" талап кылат. Мындай билдирүүсүн фракция бүгүн жарыялады.

Социал-демократтар "элдин Жогорку Кеңешке болгон ишенимин кайтаруу үчүн жаңы коалиция түзүлүп, жаңы төрага кызматка келиши, ал биримдикти, коллегиалдуулукту, мыйзамдуулукту жүзөгө ашыруучу таза адам болушу зарыл" деп эсептешет.

"Ата Мекен" фракциясынын сунушу боюнча Келдибековду кызматтан алуу маселеси 12-декабрда талкууланат. Ага чейин ар бир фракциядан бирден депутат кирген атайын комиссия Келдибековго карата айтылган дооматтардын канчалык негиздүү экенин териштирмей болду.

30-ноябрда "Ата Мекен" фракциясы анын жүрүм-турумун сындап, "төрага деген бийик наамды бир катар этикалык нормалар боюнча дискредитациялады" деген.

Келдибеков "Ата Мекендин" айткандарын четке кагып, аларды сотко берем деди. Бул аракеттерди төрагалык кызматка көз арткандардын жасаганы деп атады. (RK)

XS
SM
MD
LG