Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

"Санпанын" жанында өлтүрүлгөндөргө эстелик тургузулду


Бүгүн Жалал-Абаддагы "Санпа" пахта тазалоочу заводунун жанында былтыр ошол жерде өлтүрүлгөндөргө арналган эстелик ачылды. Монументти тургузууга 4 миллион сом сарпталды, анын 2,6 миллионун Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы бөлүп берди.

Мамлекеттик дирекциянын башчысынын милдетин аткаруучу Жусупжан  Жээнбеков жана губернатордун 1-орун басары Жумагүл Эгембердиева, “Санпа” шейиттери” уюмунун башчысы Сырдыбай Мамарасулов, жабырлануучулар мындан ары өткөн жылдагыдай улуттар аралык жаңжал болбоосун жана дайыма тынчтык орноп, эл ичи ынтымактуу болуусун каалашты.

2010-жылдагы май, июнь окуяларында облустун 73 тургуну набыт болгон.  Эстеликке жакын жердеги пахта тазалоочу “Санпа” заводунун айланасында былтыр 11-14-июнда Ош - Бишкек унаа жолу менен үйлөрүнө кайтып бараткан жүргүнчүлөрдүн ичинен жазыксыз он адам мыкаачылык менен өлтүрүлүп, эки адам дайынсыз жоголуп, тогуз унаа өрттөлгөн. (YA/RK)

 

XS
SM
MD
LG