Моше Кацафтын жети жылдык жаза мөөнөтү бүгүн башталды. 66 жаштагы Кацаф президенттиги учурунда эки аялды, анан өкмөт башчы болуп турганда өзүнүн колунда иштеген бир аялды зордуктаган деп былтыр декабрда айыпталган.
Бүгүн Израилдеги түрмөгө бараткан жеринен ал күнөөнү мойнуна албай турганын дагы бир ирет кайталады жана “Израил аны тирүүлөй көмүп жатканын” айтты.
Израилдин мурдагы президенти быйыл майда камалышы керек эле, бирок апелляциясы каралып жаткандыктан эркиндикте болгон. Өткөн айда жумурияттын Жогорку Соту анын доо арызын четке какты.