Орусиянын премьер-министри Владимир Путин келерки жылдагы президенттик шайлоого катышыш үчүн бүгүн өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылды. Эми БШК беш күндүн ичинде анын документтерин текшерип, жообун айтышы керек. Путин шайлоого “Бирдиктүү Орусиянын” талапкери катары катышаары айтылган. Президенттик шайлоо 4-мартта өтөт.