Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:24

Ооганстанда жолго коюлган мина жарылып, кеминде 19 адам мерт болду


Өлкөнүн түштүгүндөгү Хелманд вилаетинде коопсуздук күчтөрү кабарлашкандай, бүгүнкү жарылуудан өлгөндөрдүн арасында жети аял, беш  бала да болгон. Дагы 5 киши жаракат алды. Жабыр тарткандардын баары – карапайым оогандыктар.

Хелманд Ооганстандагы эң бейстабилдүү региондордун бири катары белгилүү. Жергиликтүү жана чет өлкөлүк аскерлер бул жерди козголоңчулардан тазалоо үчүн бир топ алкактуу аскерий операцияларды өткөрүшкөн.

 

XS
SM
MD
LG