Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:30

“Лашкер-и Жангви” Карзайдын планын бузду


Кабылдагы кандуу булоондон улам президент Карзай Европадагы сапарын аягына чыкпай Ооганстанга кайтып келди. Шейшемби күнү Кабылда диний майрамга чогулган шиилерге жасалган чабуулдан 55 киши курман болуп, 160тан ашык адам жараат алган. Түндүктөгү Мазари Шариф шаарында болсо бомба чабуулунан кеминде төрт адам набыт болгон. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти Пакистанда жайгашкан “Лашкер-и Жангви” уюму өзүнө алды.

Ооган президентинин өкүлү Аймал Файзинин билдиришинче, Хамид Карзай Пакистандан чечкиндүү чара көрүүнү талап кылат. Кошмо Штаттар президент Карзайдын талабын жактап, расмий Исламабадды согушчандарды жок кылууга үндөдү.

Пакистан тарап Ооган өкмөтүн “Лашкер-и Жангвиге” байланыштуу маалыматтар менен бөлүшүүнү сураганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG