Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Түркия Сирияга кайра санкция жарыялады


Расмий Анкара Сирияда оппозиция айоосуз басылып жатканга байланыштуу Дамаскиге каршы жаңы санкция жарыялады. Түркиянын бейөкмөттүк НТВ телеканалынын Соода жана бажы министри Хаяти Язичиге шилтеп кабарлашынча, Сириядан келген товарлардан кошумча дагы 30 пайыз салык алынат жана Жакынкы Чыгыштан ташылчу товарларды Сирияны айланып өтчү жолдор менен ташуунун амалын издейт.

Түркия 30-ноябрда президент Башар Ассаддын режимине каршы бир катар санкцияларды киргизген эле. БУУнун маалымдашынча, Сирияда анти-өкмөттүк акциялар башталгандан берки кагылыштарда 4 миңден ашуун адам набыт болду.

XS
SM
MD
LG