Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:31

Ооганстан жана Пакистандагы кырдаал талкууланууда


Брюсселде НАТОнун тышкы иштер министрлеринин эки күндүк жыйыны өтүүдө. Саммитте Ооганстан менен Пакистандагы кырдаал жана Түндүк Атлантика альянсы менен Орусиянын мамилеси талкууланат. Өткөн айда НАТОнун учактары Пакистандын Ооганстан менен чек арасына чукул жерде урган соккудан пакистандык 24 аскер катардан чыккан. Ошондон тарта НАТО-Пакистан мамилеси осол.

НАТО башындагы эл аралык күчтөр 2014-жылы Ооганстандан чыгып кетет. Брюсселде Косоводогу жагдай да каралат. Жакында Косоводогу серб азычылыктары уюштурган тополоңдо НАТОнун 50 аскери жарадар болгон.

Бүгүн НАТОнун министрлерине Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да кошулат. Тараптар Орусияны кыжаалатка салган НАТОнун Европадагы ракетадан коргонуу системасы тууралуу талкуулашат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG