Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:35

АКШда дагы бир экс-губернатор соттолду


АКШнын Иллинойс штатынын мурдагы губернатору Род Благоевич жемкорлукка аралашканы үчүн 14 жылга эркинен ажыратылды. Сот аны президент Барак Обаманын Сенаттагы мурдагы ордун сатканга аракет кылган жана башка коррупциялык иштерди жасаган деп айыптады. Демократ-губернатор 2008-жылы ноябрда Барак Обама президент шайлангандан бир нече аптадан соң камакка алынган. Буга чейин Иллинойстун беш губернатору соттолгон. Благоевичке чейинки республикачыл губернатор Жорж Раян "кызматын кыянаттык менен пайдаланды", "күчтөп акча өндүрдү" деп айыпталып, алты жарым жылга кесилген.Ал азыр абакта.

Экс-губернатор Благоевич сотто күнөөсүн мойнуна алып, ал үчүн үй-бүлөсүнөн, штаттын калкынан жана соттон кечирим сурады.

XS
SM
MD
LG