Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Саади Каддафи Мексикага кирей албай Нигерде жашоодо


Ливиянын мурдагы диктатору Муаммар Каддафинин уулу Саадинин Мексикага мыйзамсыз кирүү аракетине өз маалында бөгөт коюлганы маалымдалды. Мексиканын ички иштер министри Алесандро Пуйеронун айтышынча, Саади Каддафи жана анын үй-бүлөсү башка ысымга жазылган Мексиканын жасалма документи менен өлкөгө кирмек болушкан. Бул ишке байланыштуу сентябрдын башында эки мексикалык, бир канадалык жана бир даниялык кармалган.

Канадалык аял баштаган аткезчилер ал үчүн Мексиканын банкында Саади Каддафинин атына эсеп ачкан, өлкөнүн бир канча жеринде, анын ичинде Тынч океандын боюндагы курорттордун биринде турак-үй сатып алышкан. Саади Каддафи сентябрда атасы бийликтен кулатылгандан кийин Ливиядан чыгып кетип, азыр үй-бүлөсү менен Нигерде жашайт.

XS
SM
MD
LG