Бүгүн Бишкекте "Жаңы багыт" программасынын ачылышы болот. Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Равшан Жээнбеков тарабынан иштелип чыккан долбоор 1 жылдык антикризистик программаны жана узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясын ичине камтыйт. Ошондой эле мамлекеттик кызматчыларды 50 пайызга кыскартуу, бизнеске эркиндик берүү, сот жана милицияны реформалоо өңдүү 40тан ашык чечим иштелип чыгып, өкмөткө сунушталмакчы.(KKs)