Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

2012-жылы генерал Мониевдин 110 жылдыгы белгиленет


Жогорку Кеңеш кечээки отурумунда 2012-жылы Кыргызстанда генерал Ысакбек Мониевдин 110 жылдык маарекесин өткөрүү жана аны эскерүү иш-чараларын өткөрүү жөнүндө токтом кабыл алды. Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул токтомдун долбоору элдин кайрылуусун эске алуу менен иштелип чыккан. Генерал Мониев советтик чалгынчы, Чыгыш Түркстан аскеринин колбашчысы жана коргоо министри болгон, Кытайдагы элдик ыңкылаптын жеңишине, элдик бийликтин бекемделишине чоң салым кошкон. Ал бир катар жергиликтүү мамлекеттик ишмерлер тобу менен кошо авиакырсыктан каза болгон. Токтомдо мааракени өткөрүүнүн каржы булактарын аныктоо жана иш-чаралардын тизмесин иштеп чыгуу тапшырмасы өкмөткө берилди. (KKs)

XS
SM
MD
LG